super.kg logo

Коронавирустан дагы 2 бейтап кайтыш болду. Анын бири Бишкектеги базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген 36 жаштагы жаран болгон

 

Акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Каза болгондордун бири 1984-жылы туулган. Ал борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. 11-июнда Бишкектен Жалал-Абадга тажияга барган. Маркум Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери байкалып, өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонгону белгилүү болду. Ден соолугуна карабастан Жалал-Абадга барган. 12-июнда абалы начарлап, Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, 16-июнда кайтыш болду. Ага эки тараптуу пневмония, коронавирус диагнозу коюлган", - деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап 16-июнга карата Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатканда COVID-19 вирусу тастыкталып, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши жалпы статистикага киргизилди.

Өлкөдө коронавирус илдетинен кайтыш болгондордун саны 30га жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
17.06.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым сактаса экен
17.06.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектен тажияга Жалал абадка барып кимдерге гана жуктурду эми ал гана кудай озу билет
18.06.2020. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сактасын жаман нерселерден буйруса Аллага Аманат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: