Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттарды жыйында бет кап тагынганга чакырды. Бирок депутаттар бет каптарын тагынышкан жок




Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамы каралууда. Анда спикер Дастанбек Жумабеков депутаттарды бет кап тагынып отурууга чакырды. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин эрежелери бар. Ошол эрежелерди сактап отурсак. Эл аралап жүрөсүздөр. Бири-бирибизге аяр мамиле жасап, бет кап тагынууну унутпайлы", - деди ал.
Өкмөттүн өкүлдөрүнүн бардыгы бет кап тагынып отурушат. Ал эми спикердин сөзүнөн кийин депутат Руслан Казакбаев, Зарылбек Рысалиев сүйлөдү. Бирок эки депутат тең бет кап тагынышкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.