super.kg logo
  Саясат  

Депутат шайлоону таза өткөрүү өкмөттүн негизги милдети болуш керектигин айтты

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров шайлоону таза өткөрүү өкмөттүн негизги милдети болуш керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Быйыл саясий шайлоону мыйзамдуу өткөрүшүңөр керек. Кээ бирлери шайлоодон кийинки кырдаалды күчөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Акыйкат чечим менен жумушуңарды аткаргыла. Бир дагы партияга басым көрсөтпөстөн иштеп кете аласыздарбы?" - деп сурады депутат.

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов таза шайлоо өткөрүү өкмөттүн негизги милдети экенин белгиледи. "Кечээ күнү көпчүлүк коалиция бизге ишеним көрсөткөндөн кийин, президент кабыл алды. Мамлекет башчынын биринчи талабы дагы акыйкат шайлоо өткөрүү болду. Биздин эркибиз жетет, буга чейин дагы ушундай штабда иштеп келгенбиз. Аны жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Боронов.

Биринчи вице-премьер-министрликке талапкер Алмазбек Баатырбеков таза шайлоо өткөргөнгө бардык күч аракеттерин жумшай турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: