super.kg logo

Бишкектеги Октябрь, Ленин райондорундагы бала бакчалар качан ачылат? Жооп

 

18-июндан баштап Ленин районунда 5 бала бакча иштеп баштаса, Октябрь районунда бала бакчалар кийинки аптага чейин ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Аталган райондордогу бала бакчалардын ачылбай турушунун себеби, биринчиден андагы кызматкерлердин бардыгы коронавируска карата тесттен өтүшү керек эле. Экинчиден мектепке чейинки билим берүү уюмдарын керектүү азык-түлүктөр менен камсыздоо керек болду. Октябрь району боюнча учурда азык-түлүктү жеткирүү маселеси чечилип жатат. Ал жактагы бала бакчалар дагы келе жаткан дүйшөмбү күнү ишке кирет деп турабыз", - деди шаардын вице-мэри.

Такталган маалымат боюнча, Ленин районунда №28, №52, №64, №141, №164 мектепке чейинки билим берүү мекемелери ачылып, биринчи иш күнүндө 72 бала келген. Ошондой эле Свердлов районунда 14 (869 бала) жана Биринчи Май районунда 14 (397 бала) бала бакча иштеп баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: