super.kg logo
  Саясат  

"Кошомат кылганды токтотолу". Депутат Момбеков менен Жолдошбаев кайым айтышты

 

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамы каралууда.

Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев бул маселени түшкө чейин бүтүрүүнү сунуштады. "Эми чынын айтканда, 17 киши сүйлөдү. Баары эле мактап жатышат. Колдон келсе түшкө чейин бүтүрүп, жөнөтөлү. Мага депутаттар келип, ушул сунушту айтыңызчы деп суранышты", - деди ал.

Депутат Рыскелди Момбеков кошомат кылууну токтотуу керектигин айтты.

"Ушундайды токтотпойлубу. Сизден ким суранды айтып коюңузчу. Кышында бир жолу жалпы парламентти уят кылдыңыз. "Балдарыбыз үшүп жатат, жыйынды аяктайлы" деп, азыр эмне балдарыңыз ысып атабы? Эми мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер. Качанга чейин ушинтесиңер?", - деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар Камчыбек Жолдошбаевдин сунушун колдошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: