super.kg logo

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан ырчы Бурул Арунова мурдагы күйөөсү менен соттошууда. Бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум жылдырылды

 

Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен ажырашканын, ага үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айткан. Ырчы менен жолдошу ушул жылдын январь айында ажырашкан. Бирок эки башка жолго түшсө дагы ырчыга жолдошу тарабынан коркутуулар болуп, тынч жашоо бербей жатканы Арунова тарабынан белгилүү болгон.

Бүгүн, 17-июнда Ленин райондук сотунда ырчынын жазган арызынын негизинде соттук отурум болмок. Бирок айыпталуучу тараптын жактоочусу келбегендигине байланыштуу соттук отурум 29-июнга жылдырылды.

Ырчынын айтымында, анын ата-энесине дагы жолдошу тарабынан коркутуулар болгон. "Бул адам тарабынан жасалган коркутуулар дагы деле болуп жатат. Акыркы жолу эки күн мурда болду. Азыр айтууга мажбурмун, курсактагы балам 3 айлык кезинде жолдошум ичиме тээп, баланы алдыртасың деген", - дейт ырчы.

Ал эми ырчынын мурдагы жолдошу Эрнис Турсунов: "Мен Бурул менен жашайм, эки жолго түшүп кетпейли деп эркек катары аракеттерди көргөм. Ал эми коркутуулар болуп жатат деген боюнча айтсам, тескерисинче мага коркутуу болгон. Мен Бурулдун деңгээлине түшпөй эле коёюн деп турам. Бурул, анын ата-энеси дагы жакшы адамдар. Бирок эмнеге мындай ишке барып жатканын билбейм, балким, пиар кылып жатат. Мен баланы алдыртуусун каалабайм, тескерисинче менин балам менен болгон мамилемди үзбө деп айткам", - дейт ал.

Бурул Арунованын жазган арызы Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин "үй-бүлөдөгү зомбулук" негизинде иштен өтүп жатканын анын жактоочусу билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
17.06.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоосу жон эле жашайм дейт го,бактылуу болуп жашашса жакшы болмок. Окунучтуу.
17.06.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уй булолук маселени коомчулука алып чыкбай, уй булонор менен эле бутуруп койбойсунарбы? Ата эне, окул ата, окул апа деген бар. Мындай майда чырды чечкенге. Тойдогу каало, тилек менен ата эне алып берген бата кулактын сыртынан кеткен экен да
17.06.2020. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы ырды ырдайт эле
18.06.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dair_17, мен макани аралап деген
18.06.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dair_17,Лака-лака-дум, лака-лака-дум, лака-лака-дум-бака, дум-бака-дум деген ыр
17.06.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарынын эле денгээли жогору баары эле анын денгээлине тушпойм дейт
17.06.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоон кайсы жактын кулуну?
17.06.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимисине ишенээрин да билбейсин. Ырчы суйлосо аныкы туура,куйоосу суйлосо мунуку туура болуп калат.
18.06.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял Тилди тыйса, Эркек уч ААА ны тыйса бактылуу болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: