super.kg logo
  Саясат  

Президент өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар менен таанышты

 

Бүгүн, 17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков катышты.

Кеңешмеде темир жол долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилип, анын ичинде "Кытай-Кыргыз-Өзбекстан" темир жолунун курулуш долбоору талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөө жана транспорттук жүк жана жүргүнчүлөр агымын диверсификациялоо максатында өлкөнүн бардык аймагында темир жол транзити менен ички жолдорду өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири "Кытай-Кыргыз-Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоо болуп саналарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөнүн темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону ыкчамдатууга жана темир жол транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндөгү санарип демилгелерди ишке ашырууну улантууга көңүл бурду.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн компаниянын ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын темир жолунун маалыматтык системдеринин ортосунда электрондук өз ара алмашуу уюштурулганын жана коштомо кагазды түзүү боюнча программалык камсыз кылуу иштелип чыкканын билдирди.

Мындан сырткары "Түндүк" системи аркылуу реалдуу убакытта ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүктөрдүн келиши жөнүндө салык органдарына маалымдоо мехнизми киргизилди, ошондой эле сайт жана төлөм тутумдары аркылуу темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү жаралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: