super.kg logo
  Спорт  

Валерий Кичин "Енисей" командасы менен машыгууларды өткөрдү

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын "Енисей" футболдук клубунун оюнчулары менен чогуу машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кичин "Енисей" футболдук клубунун оюнчулары менен 15-июнда машыгуу өткөргөн. Валерий Кичин буга чейин "Енисей" клубунда үч жыл ойногон (86 оюн өткөрүп, 6 гол жараткан) жана сезондун жыйынтыгы боюнча ал күйөрмандар тарабынан команданын мыкты оюнчусу деп табылган.

Валерий Кичин ушул жылдын февраль айында Беларусь өлкөсүнүн "Динамо Минск" командасынан москвалык "Торпедо" командасына кошулган. Май айында "Торпедо" командасы менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин Кичин москвалык клуб менен коштошкон.

Кошумчалай кетсек, "Енисей" футболдук клубу Кичин менен азырынча келишим түзө элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: