super.kg logo

Бишкектин ооруканаларында коронавирус менен жабыркагандар үчүн орундар жок калдыбы? Жооп

 

Социалдык тармактарда Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавируска чалдыккандар үчүн орун жок калды деген маалымат тарады.

Тагыраагы, колдонуучулардын бири өз баракчасында төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

"Коронавируска чалдыккандарды эч жерде кабыл албай жатышыптыр. Бул мүмкүнбү? Учурда ооруканаларда COVID-19 менен жабыркагандарды дарылоо үчүн орундуктар жок. Эгер эртең жакындарыбызга жардам керек болуп калса, кандай болот? Ал эми жасалма дем алдыруучу аппараттар тууралуу айтпай эле коёюн", - деген ал колдонуучу.

Бул тууралуу маалыматты тактоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, коронавирус инфекциясына кабылгандарды дарылоо үчүн орундуктар жетиштүү экенин айтышты.

"Жарандар кооптонбой эле койсо болот. Бишкек шаарында жана өлкө боюнча ооруканалар жана андагы орундар бейтаптарды кабыл алууга даяр. Ал эми борбор шаардагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы боюнча, алар бир аптага дезинфекциялоо иштерине жабылган. Учурда кайрадан ачылып штаттык режимде иштеп жатышат. Ал жакта коронавируска чалдыккан 22 бейтап дарылануудан өтүп жатат", - деди мекеменин маалымат катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.06.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Калп эле шоу кылабербегилечи, уже не актуально!
17.06.2020. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жок калды"деген сөз каяктан чыкты өзү. Биздин тилде мындай сөз жок эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: