super.kg logo

Баткенде аткезчилик фактыларынын натыйжасында мамлекетке 12 миллион 175 миң сом зыян келтирилди

 

Баткен облусунда 5 айдын ичинде катталган аткезчилик фактыларынын натыйжасында мамлекетке 12 миллион 175 миң сом зыян келтирилген. Анын ичинен 4 миллион 374 миң 559 сому кайра өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Баткен облусунда аткезчилик боюнча фактылар дагы деле катталып жатат. Мисалга Баткен бажысынын аткезчиликке каршы жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында 1-январдан 1-июнуна чейин 68 бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Ага карата 279 миң сомдук айып пул салынып, бүгүнкү күндө салынган айып пулдар толугу менен өндүрүлдү. Бузуу иштери боюнча 1 миллион 658 миң 887 миң сомдук бажылык төлөмдөр өндүрүлгөн. 18 факты боюнча иш экономикалык кылмышка каршы кызматына өткөрүлүп берилип, 18 кылмыш иши козголду. Бул боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 9 миллион 962 миң сом болгон. Анын ичинен 2 миллион 135 миң сому толугу менен өндүрүлдү", - деди Максүтов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: