super.kg logo
  Саясат  

“Малдын өзгөчө коркунучтуу жана коомго кооптуу ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча нускамалар жыйнагы” аттуу китеп жарык көрдү

 

“Малдын өзгөчө коркунучтуу жана коомго кооптуу ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча нускамалар жыйнагы” аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, ветеринария илимдеринин кандидаты, китептин авторлорунун бири Талантбек Узакбаев маалымдады. Айтымында, мындай кыргыз жана орус тилиндеги нускама республика аймагындагы ветеринария жаатында көйгөйлөр жаралып жаткан учурда ветеринарлар жана жалпы коомчулук үчүн пайдасы тиет. Ветеринария тармагын жөнгө салган мыйзам болгону менен, бул китепти мыйзам алдындагы акт катары кабылдаса да болот. Себеби ал өкмөт тарабынан бекитилген. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү бул нускаманы татыктуу илимий эмгек катары баалап, аны кеңири жайылтуу максатында китептин бет ачарын уюштурууну сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: