super.kg logo

Эсептөө палатасынын төрагасы былтыркы жылы 2 миллиард 523 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын айтты

 

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө аталган палатанын төрагасынын отчёту каралды.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баяндама жасап, өткөн жылдагы аудитордук ишмердүүлүктүн негизги жыйынтыктары, мамлекеттик аудитти жакшыртуу боюнча чаралар, коррупцияга каршы саясат тууралуу айтып берди. Өткөн жылы Эсеп палатасы тарабынан 141 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

“2019-жылы 2 миллиард 523 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар, анын 1 миллиард 80 миллион сому кайтарылууга тийиш. 415 миллион сому кайтарылды. Бюджеттин резерви жана жоготуусу – 27 миллиард 715 миллион сом, анын 1 миллиард 45 миллион сому кайтарылууга тийиш, 661 миллион сому кайтарылды. Натыйжасыз пайдаланылган каражаттар 2 миллиард сом, анын 999 миллион сому кайтарылууга тийиш, 863 сому кайтарылды. Коомдук жана башка уюмдардан ашкереленген каржылык мыйзам бузуулар – 544 миллион сом, алар 100 пайыз кайтарылды”, – деди ал.

Жыйынтыгында отчёт жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: