super.kg logo

Кубатбек Боронов премьер-министр катары биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов вице-премьер-министрлеринин жана өкмөттүн аппарат башчысы бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кубатбек Боронов өкмөттүн иши өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган системдүү өзгөрүүлөрдү улантууга багытталат деп белгиледи.

Премьер-министр өкмөттүн ишинин 11 артыкчылыктуу багыты бар экенин айтты.

"Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатына басым жасоо жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарыл. Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бир катар маанилүү милдеттерди аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Биздин милдет - канча иштей турганыбызды ойлонуп отурбастан, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Кандайдыр бир кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ар бир жетекчинин милдети – орун алган маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү, күн сайын жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө болуп саналат", – деди Кубатбек Боронов.

Ал вице-премьер-министрлердин жана өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери астында өкмөттүн негизги артыкчылыктары жана анын ишинин принциптери катары чечим кабыл алуудагы ачык-айкындуулукту белгиледи.

Премьер-министр ошондой эле өкмөт аппаратынын мамлекеттик органдардын ишин координациялоодо жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролунун маанилүүлүгүн айтты.

Өкмөт башчы күнүмдүк иш алып барууда коомдун пикирин эске алуунун, президенттин жана Жогорку Кеңештин аппараты менен тыгыз өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
17.06.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар Бороновду Эми кантип айтат экен ? Сооронбай дегенди Саранбай Жээнбеков дешчуу элэ
18.06.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарда толтура андай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: