super.kg logo

43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан театр режиссёру Камат Касеновдун өмүр баяны

 

"Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Ушул жылдын 16-июнунда кыргыз театр жана кино искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө барандуу салымын кошкон, белгилүү режиссёр Камат Касенов 43 жаш курагында мезгилсиз жарык дүйнө менен коштошту" деп маалымдайт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен.
Анда жазылгандай, Камат Кадырбекович Касенов 1977-жылы 19-мартта Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Тельман айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1997-жылы Кыргыз улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга кирип, аны 2000-жылы бүтүрүп чыккан.

2000-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда "драманын режиссёру" адистигин бүтүргөн. 2005-2007-жылдары Ташкент шаарындагы "ИЛХОМ" аталган Борбордук Азиянын жаш режиссёрлор лабораториясында Марк Вайлдын өнөрканасында билимин тереңдеткен.

2007-2013-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында башкы режиссёр жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. 2013-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы орус драма театрында көркөм жетекчи катары кызмат өтөп келди. Ошол эле жылдар арасында Тараз акимиатынын аппаратында чыгармачылык тармагын жетектеген.

"Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда Борбордук Азия боюнча 40тан ашуун ар түркүн жанрдагы чыгармаларды сахналаштырып, коомго жана инсанга карата болгон орчундуу маселелер, курч көйгөйлөргө байланышкан ар тараптуу окуяларды кылдат изилдеп, каармандардын түпкү тамырын ачуу үчүн өтө изденип, чыгармалардын идеялык маңызын интерпретациялап, ача билген талант эле.

Алсак: Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма", "Деңиз бойлоп жүгүргөн ала дөбөт", "Биринчи мугалим", "Жамийла", М. Байжиевдин "Экөө", "Ким күнөлүү", С. Раевдин "Таажы", "Барсбек", "Адам" М. Тойбаевдин "Манап бий", Ж. Кулмамбетовдун "Алай жолборсу", Жума Куддустун "Падышанын оюну" У. Шекспирдин "Гамлет", Э. Ольбинин "Үч узун аял" жана башка көптөгөн кыргыздын жана чет өлкөлүк драматургдардын заманбап жана классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырып алгылыктуу ийгиликтерге жетишип, бир нече сыйлыктардын ээси жана эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле ал бир нече көркөм фильмдерди тартуу менен да талантын сынап көрүп, ийгиликтерди жарата алган. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

SUPER.KG порталы Камат Касеновдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтып, кайгысын бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.06.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өтө өкүнүчтүү, ыйманы саламат болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: