super.kg logo

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши. Тараптар жарыш сөзгө чыгышат

 

Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук иш уланат. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгарын мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

Жактоочу билдиргендей, өткөн процессте мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны дагы 15 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сунушташкан. Ошондой эле жактоочу бүгүн акыркы чечим угузулушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: