super.kg logo

"Менде 200 сом бар. Саякатка кантип топтосом болот?"

 

Океандын жээгинде ыңгайлуу Шезлонгдо тропикалык коктейль менен эс алуу айрымдар үчүн кол жеткистей сезилет. Бирок каражатты сабаттуу бөлүштүрө келгенде мындай эс алууга маянасы орточо адам да бара алат. Ишенбейсиздерби? Биз силерге азыр айтып беребиз.

Сизде 200 сом бар деп коёлу. Бул көп деле акча эмес, чоңураак бир нерсе сатып ала албайсыз. Ошол себептен биз бул акчаны майда-чүйдөгө коротуп салабыз.

200 сомго эмне келет? 4 литр кола, 1,5 кружка кофе, таксиге 2 жолу түшсө болот, 1,5 шаурма же 2 куту тамеки. Буларды сатып алган соң 2 сааттан кийин унутуп калабыз. Эми күн сайын 200 сомдон топтоп турса эмне болоорун көрөлү.

Акча калтырууну унутуп калган бир нече күндү эске алуу менен 25 күн деп эсептейли. Ошондо айдын аягында 5000 сом топтолот. Бул сумманы 12 айга көбөйтсөк 60 000 сом чыгат.

Бул сумманы чыгымдап салбоо үчүн депозитке салган жакшы. Бул максаттар үчүн “Бакай Банктын” “Капитал” депозити ыңгайлуу. Депозитти 12 айга ачабыз да 9%(пайыз) чен белгиленет (эффективдүү чен 9,4%). Эгер биз жылына 60 000 топтосок, жыйынтыкта 65 600 сом алабыз. Доллардын азыркы куну менен эсептегенде 800$ тегерегинде.

Сумма бар, эми ага эмне кылса болот. Туристтик агенттиктердин баракчаларын ачып ар кыл багыттагы арзан турларды караштырабыз. Алардын айрымдары булар:

  • Египет (8 күн, 5 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $500;
  • Түркия (8 күн, 4-5 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $300;
  • Гоа (8 күн, 4-5 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $800;
  • Дубай (7 күн, 4-5 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $600;
  • Вьетнам (7 күн, 4 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $800;
  • Хайнань (7 күн, 5 жылдыздуу мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $750;

Бул анча көп эмес акчаны чогултуу адатынын бир эле мисалы.

Айтмакчы, сиз акчаңызды дагы бир ыңгайлуу жол менен топтосоңуз болот. Бул үчүн банктын филиалын издеп, кезекке туруунун кажети жок. Каалаган терминалды таап "MegaPay" электрондук капчыгын толтурасыз. Капчыкта 1000 сом топтолгон соң “Бакай Банктагы” депозитти толуктасаңыз болот жана "Bakai24 же Bakai Online" сервистерин колдоно аласыз.

Контакт-центр 24/7:

  • bakai.kg;
  • 6111 (уюлдук телефондордон);
  • +996 554 006 111 (WhatsАpp);
  • КРУБ № 043-Лиц.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
18.06.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан мыкты.
18.06.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мисал келтириптирсинер,ойлондуруп кишини)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: