super.kg logo

Министрлик: "Коронавирус жугузуп алдым дегендер өз алдынча дарыланган көрүнүштөр катталууда, бул туура эмес"

 

Өлкөдө коронавирус илдети менен ооруп жатам деген бейтаптар өз алдынча дарылана баштаган көрүнүштөр катталууда. Бул туура эмес экенин бүгүн, 18-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.

"Акыркы кездерде ооруга чалдыктым деген жарандар үйдөн, өз алдынча дарылана баштаган көрүнүштөр катталууда. Алар ар кайсы жактан кеңеш сурап алып эле өзү билген ыкма менен дарыланышат экен. Бул туура эмес.

Кайсы бир белгилер байкалса же коронавирус жукту деген шек жаралса дароо биздин кызматкерлерге кайрылышы керек. Оорунун формасын аныктап ошого жараша дарылоо жүргүзүлүшү зарыл. Ооруканаларда орун калбай калды, үйдө дарыланыш керек экен деп тараган кеп туура эмес", - деди Үсөнбаев.

Ал оору симптомсуз өткөн учурда деле бейтапты медициналык мекемеде кармоо туура экенин белгиледи. Эгерде бейтап үй шартында дарыланса, анда санитардык-эпидемиологиялык абалды так, туура сакташы керек, күн сайын бир нече ирет медкызматкерлер менен байланышып турат.

"Үйдө дарыланууга үйүндө шарты барларга гана уруксат берилет. Алар көчөгө чыкпайм, элге аралашпайм, ооруну жайылтпайм деген аныктамага кол коюп берет. Ал жашаган жерге милиция кызматкерлери да дайындалып анын ооруну жайылтпоо боюнча аракеттерине көзөмөл салып турат. Негизи туурасы медициналык мекемелерден дарылануудан өткөнү туура", - деди Үсөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: