super.kg logo

"Ала качууну пропаганда кылган" деп сынга кабылган жарнамалык ролик. Сценарийдин автору актёр Азамат Исмаилов эч кандай үгүттөө болбогонун айтат

 

Социалдык тармакка козу грилди жарнамалаган ролик жарыяланып, кыска тасма талкууга алынды. Анда интернет колдонуучулардын айрымдары "ала качууга үгүттөп жатат" дешсе, айрымдары тамашалуу ролик болгонун айтышып, эки жаатка бөлүндү.

Видео актёр Азамат Исмаилов жана компания тарабынан социалдык тармакка жүктөлүп, кызуу талкууга алынгандан кийин өчүрүлгөн. Видео жана анын өчүрүлүшү боюнча Азамат Исмаиловго байланыштык.

"Бул жарнамалык ролик талкууга алынгандан кийин компаниядан азырынча социалдык тармактан өчүрө туралы дешти. Роликтин сценарийин мен жазгам. Анда ала качууга үгүттөө жана башка жоруктарды жасоого чакырык ташталган эмес. Бизде илгертен бери эле ала качуу болуп келген, жакшы жер болсо кыздарын калтырып кеткен учурлар деле болгон да. Ролик сарказм менен тартылган. Туура кабыл алып, жакшы пикирлерин калтыргандар көп болуп жатат. Ал эми ала качууну пропаганда кылдыңар дегендер үчүнчү жактар болсо керек", - дейт актёр.

Интернет айдыңына желдей тарап жаткан роликте жигит жаңы эле таанышкан кызын ала качып кетет. Атасы уулунун бул кылганы туура эмес экенин айтып, болор иш болду деп болочоктогу кудаларын көндүрүүгө аракет кыларын билдирет. Кызын алып кетем деген атасы козу грилдин даамын татып көргөндөн кийин куда болууга макул болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(12)
18.06.2020. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пропаганда кылды дегендер анык кыргыздын наркын,салтын билбегендер.
Кыскасы өзүлөрүн кыйын сезген,типа аялзатына күйүмүш болуп ортодон от чыгаргысы келген бир чимкирик түлкүлөр.
Muslim1990 түзөттү 2020-06-18 12:52:38
18.06.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул роликтен эч кандай кыз ала качууга үгүттөөнү көргөн жокмун, козу грилди жакшы рекламалашыптыр деп койгом алгач фейсбуктан көргөндө
18.06.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр кыргыздын ушул сыяктуу эски салттарын, диний тушунукторду пропаганда кылган роликтерге тыюуу салуу керек. Салтты, диний догмаларды бекем карманган мамлекетте эч качан озгоруу болбойт. Азамат Исмаилов элдин баарын өзүндөй ойлобош керек. Ар бир адамдын бул жашоодо оз максаты бар.
18.06.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле тартылган, ала качуу ата бабадан келген салт.
18.06.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салтка, динге берилип жашаган адам эч качан келечекти карагысы келбейт, салтчыл, динчил адамдар дайыма өтүп кеткен адамдардын жашоосу менен гана ой жүгүртө алат. Ошондой адамдар жана эл эч качан алдыга карай жылбайт.
erlan2196 түзөттү 2020-06-18 14:02:29
18.06.2020. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
erlan2196,дин жөнүндө сөз болгон жок каапырым.
19.06.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erlan2196,дайыма эле ушинтип тантып эле журот экенсин да динден айлангыр манкурт
18.06.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Салтчыл адам келечеке карай пессимист болушат, а бирок өтүп кеткен 1 кылымдык жашоого оптимист менен карап жашашат.
19.06.2020. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196, сенин оюңда кандай жашаш керек?
18.06.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашоо ушундай да. Жакшы устукан менен алданып калып кыздарын калтырып коюшат
18.06.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин аянычтуу жашообуз. Реклама кылгысы келсе башка идеяны алса болсок. Жаккан жок,ичимде кызын алып кетет деп отургам. Тытсанар тытып жегиле бирок ала качууну минтип видеого аралаштырып еще устукан учун алданып калтырып кетти деген начар реклама. Азамат жагат,чыгармачылыгын сыйлайм
18.06.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прикол,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: