super.kg logo

MegaCom 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатууну улантып келет

 

MegaCom компаниясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча түйүндүн камтуу аймагын кеңейтип, байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча пландалган иштерин аткарууда.

2020-жылдын май айында жүргүзүлгөн техникалык иштер Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана республиканын борборунда байланыштын сапатын жакшыртып жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиетин жогорулатты.

Тактап айтканда, жабдыктарды модернизациялоо иштери төмөнкү калктуу пункттарда ишке ашырылды:
• Бишкек шаарында;
• Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Үч-Коргон айылында;
• Ош облусунун 15 Жаш, Арал, Кара-Дөбө, Отуз-Адыр, Фрунзе айылдарында, Ноокат жана Ош шаарларында;
• Чүй облусунун Гавриловка, Петропавловка, Юрьевка айылдарында, ошондой эле Шопоков шаарында.

Кошумча жабдуу ишке киргизилгенден кийин 4G түйүнү жана жогорку ылдамдыктагы интернети Чүй облусунун Кызыл-Арык жана Сын-Таш айылдарында жашаган MegaCom абоненттерине жеткиликтүү болуп калды.

Жакын жерде станциялардын сигналдарынын деңгээли, 2G, 3G түйүндөрүнүн жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнүнүн камтуу аймактары тууралуу маалыматты Интерактивдүү картанын жардамы менен билип турууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.06.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Итагар айылына дагы орнотуп бергилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: