super.kg logo

"Акылга сыйбас азыркы, айрым эркектердин жоругу". Төкмө акын Азамат Болгонбаев аялдарды аярлоого чакырып ырдады

 

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев аялдарды аярлоого чакырган ырын жарыялады. Жарыялаган видеого ал: "Зомбулукка жол бербейли замандаштар!" деген билдирүүсүн жазган. Ырда:

...Акылга сыйбас азыркы,

Айрым эркектердин жоругу.

Эне бул үйдүн жарыгы,

Эне бул үйдүн кубаты.

Эне бул жашоо сапары,

Эне бул үйдүн мурасы.

Кадырлайт, сыйлайт жубайын,

Жигиттин болсо уяты.

Аялга кылган мамилең,

Кызыңа кайтар бир кезде.

Тамшанып баккан кызыңдын,

Тагдырын ойло бул кезде... деген саптар камтылган.

Болгонбаев ыр Сузакта аялынын моюнуна дөңгөлөк, таш артып, чакалап суу чачып, бетке чапкылаган эркектин видеосу тарагандан кийин жаралганын айтат. "Ошол көрүнүштөн алган таасирлер ырда жазылды", - деди ал.

Эске сала кетсек, 12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамасында Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






Төкмө акын Азамат Болгонбаев аялдарды аярлоого чакырып ырдады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.06.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азыр уй булоодо аялдарга зомбулук болуп туруш керек деген эркектер толтура. Сыртынан айткысы келбесе да, ичинен тымызын колдоп турушат. Озгочо аял кишиден багы ачылбай жаткан эркектер, психологиялык жактан аялдарды жек коруу сезимдери куч болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: