Орусияда акыркы бир сутка ичинде 7 миң 790 адамдан коронавирус аныкталып, 182 адам каза болду
Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 790 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 182 адам каза болсо, 9 миң 621 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 40;
Москва облусунда - 667;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 243;
Нижегород облусунда - 233 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 561 миң 91 адамдан инфекция аныкталды. 7 миң 660 адам каза болсо, 313 миң 963 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ZUXRIDDIN20

18.06.2020. 23:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйла азайып калыптыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.