super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамытов: "Журналист Али Токтакунов белгилеп кеткен документтер тергөө органдары тарабынан суралган. Бирок азыркы убакка чейин эч кандай жооп келбегенин билдиришти"

 

"Журналист Али Токтакунов белгилеп кеткен документтер тергөө органдары тарабынан суралган. Бирок азыркы убакка чейин эч кандай жооп келбегенин билдиришти", - деп бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов айтты.

Учурда Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусу каралууда.

"Журналист Али Токтакуновдон расмий түрдө алынган документтер боюнча тергөө судьясы тарабынан берилген токтомдун негизинде "Азаттык" мекемесинде документтерди алуу жүргүзүлгөн. Бирок документ толук көлөмдө берилген эмес. Ошондой эле тергөөчүнүн алуу протоколуна ылайык, бир дагы оргинал документтер берилген эмес. Алуу протоколу "Азаттыктын" жетекчиси Айзада Касымалиеванын катышуусунда протокол толтуруу жолу менен алынган.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, "Исмаил Матраимов" атындагы коомдук фонддун эсебинен Түркиядан Саймаитиге 3 миллион доллардан ашуун каражат которулганы тууралуу журналисттик иликтөө боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча Саймаити аялы банктык эсебинен 2016-жылдын 25-августунда 100 миң доллар, 2016-жылы 20-сентябрда дагы 99 миң 958 доллар которгондугу аныкталган. Ошого байланыштуу 2020-жылдын 10-февралында "Азаттыкка" тергөө органдары тарабынан кат жөнөтүлүп, журналист Али Токтакунов белгилеп кеткен тастыктаган документтер суралган. Бирок азыркы убакка чейин эч кандай жооп келбегенин тергөө органдары маалымдаган",
- дейт Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: