super.kg logo

Базар-Коргон районунда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды (фото)

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун борборунда беш кабаттуу беш үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук администрациясынын расмий баракчасында жазылган.

Алынган маалыматка караганда, Базар-Коргон айылынын Бекмамат Осмонов көчөсүнөн үй курулушу үчүн 1 гектар аянт бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн жер аянтында ар бири 32 батирлүү беш кабаттан турган беш үйдүн курулушу пландаштырылган.

"Учурда аянты 1 миң 900 чарчы метр келген 1-көп кабаттуу үйдүн пайдубалын куруу үчүн котлован казылып, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен капсула салынды. Аны быйылкы жылы бүтүрүп, пайдаланууга тапшыруу пландаштырылган. Үйдүн курулушунун орточо сметалык наркы 60 миллион сом. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп, ага 30 адам тартылган. Ишке тартылган жумушчулардын орточо айлык акысы 15-20-миң сом", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
19.06.2020. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жанылык
19.06.2020. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйдүн план макетин кошо чыгарбапсынар да. Негизинен баракелде өлкөбүз өнүксүн иштерине ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: