super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Азаттыктын" журналисти акча алганы тастыкталса, анын жоопкерчилиги кандай болорун сурады

 

Депутат Дастан Бекешев "Азаттыктын" журналисти акча алганы тастыкталса, анын жоопкерчилиги кандай болорун сурады.

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиев: "Кимдин үстүнө ушундай жалган маалыматтарды берген болсо, ал тарап конституциялык мыйзамдарга ылайык, сотко кайрылса болот. Сот аркылуу өзүнө келтирилген чыгымдарды өндүрүп алганга укуктуу", - деди.

Аталган комиссиянын төрагасы Талант Мамытов бүгүнкү күнү жалпысынан бул иш боюнча 5 кылмыш иши тергелип жатканын белгиледи. "Аталган кылмыш иштери аягына чыга элек, бул алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы. Тергөөнүн жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Али Токтакуновдун жоопкерчилиги боюнча сөз козгоп кеттиңиз. Бул боюнча эки күбө көрсөтмө берип жатат. Али Токтакунов өзү келип, ошол күбөлөр менен беттешип такташы керек. Ошондон кийин чечим кабыл алынат. Муну тергөө органдары чечет", - деди Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: