super.kg logo

Премьер-министр: "Өкмөт парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш"

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш экенин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, тармактык түзүмдөр жогоруда аталган саясий процесстерге жакшы даярдык көрүүгө тийиш.

"Бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда. Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү", - деди ал.

Премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга токтолду.

"Эпидемиологиялык кырдаал да күч алып турат. Жаңы катталган, кайдан жуктурганын билбеген учурлардын саны көбөйдү. Бишкек жана Ош шаарларындагы, Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалга өзгөчө көңүл буруу керек", - деди Кубатбек Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.06.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Парламенттик шайлоо эч качан таза өтпөйт.Жеенбековдор турганда
19.06.2020. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо комиссиясында 4 жолу иштедим бири да ачык таза өткөнүн көрбөдүм,калганын айтпай эле коёюн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: