super.kg logo

Орусиядагы Жеңиш парадына катыша турган 80 ардагер карантинге алынды

 

24-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына чакырылган ардагерлер карантинге алынды. Маалыматты Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктаганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда ветерандар санаторий жана эс алуу жайларына жайгаштырылганы айтылат.

"Жеңиш парадына катыша турган 80 ардагер 2 апталык изоляцияда болушат. Мындай чара биринчи кезекте алардын саламаттыгы үчүн колдонулуп жатат. Алар жаткан жерлерде бардык шарттар түзүлгөн. Карантиндеги ардагерлерге кошумча медициналык кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн", - деген маалымат катчы жергиликтүү басылмалардын бирине.

Маалым болгондой, Москвадагы бул парадга президент Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон. Ошол эле учурда парадга Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук Гвардиянын аскерлери катышары кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: