super.kg logo

Өкмөт башчы агроөнөр жай комплексин модернизациялоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи

 

"Өлкөбүздү посткризистик абалдан алып чыгууда жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында агроөнөр жай комплексин модернизациялоо иштерин күчөтүү керек", - деп бүгүн, 18-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Импортту алмаштыруучу продукцияларга көңүл буруп, дыйкан-фермерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна 10 күндүк мөөнөттө сунушталсын. Эл түшүмдөрүн ала баштады. Бат бузулуучу товарлар чек араларда туруп калбоого тийиш. Дыйкандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, логистикалык жайлардын ишин күчөтүү зарыл", - деди ал.

Мындан тышкары премьер-министр жайыттар маселесине токтолду. "Жайыттар боюнча Нарында жакшы эмес кырдаал түзүлдү. Жер – мамлекеттики, бардык маселе мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш", - дейт Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга малдын жана мал чарба продукцияларынын кыймылы боюнча иш-чараларды катуу көзөмөлгө алуу жана эт жана эт азыктарын экспорттоо боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: