Кытайда сутка ичинде 32 адамдан коронавирус табылды
Бир сутка ичинде COVID-19 илдети чыккан Кытайда 32 адамдан вирус аныкталды. Ошондой эле 5 адам ооруну симптому жок алып жүрүүчү болуп катталган. 4 бейтаптын дарыланып чыккандыгын Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматына таянып, чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, сутка ичинде катталгандардын көпчүлүгү, тагыраагы, 28и жергиликтүүлөр. Алардын ичинде Пекинде - 25 адам, Хэбэй провинциясында - 2, Ляонинде - 1. Ал эми калган 4 адам сырттан келгендер деп айтылат маалыматта.
Эпидемия башталгандан бери Кытайда 84 миң 494 адам илдетти жугузуп алгандыгы аныкталса, 78 миң 398и оорудан сакайган. Тилекке каршы, 4 миң 638 бейтап каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.