super.kg logo

Украинада күйөөсү аялын үйдүн 4-кабатынан түртүп салган. Аялы ооруканада

 

Чет элдик маалымат булактары Украинадагы үй-бүлөлүк чырдын аёосуз мамилеге келгенин жазышууда. Тагыраагы, Украинада Алексей К. аттуу полиция кызматкери аялы менен жаңжалдаша кетип, андан кийин бир жаштагы кызынын көзүнчө аны сабап, балкондон түртүп жибергени жазылууда.

Ага ылайык, 27 жаштагы аялы Дарья.К. күйөөсү бөлмөдө уруп жатканда балконго качып чыгып, сырттагыларга кыйкырып жардам сураган. Буга ачууланган күйөөсү аны балкондон түртүп жиберген.

"Окуя 8-июндан 9-июнга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон. Ал күнү полиция кызматкери үйүнө мас абалында келип аялы экөө уруша кетишкен. Андан соң аялын мазактап, сабай баштаган. Аялы бирөөлөргө чалып жардам сурабашы үчүн телефонун алып койгон, андан кийин аны өлтүрө тургандыгын айтып коркутуп, "кызымды өзүм алып калам" деген. Аялы балконго чыгып кыйкыра баштаган, күйөөсү аны жардам суроосун токтотууга чакырган. Мунун баарын коңшулары угушкан. Андан кийин күйөөсү аны балкондон түртүп жиберген. Коңшулары дароо сыртка чыгып аялга барышкан. Мындай кырсыктан аман калган Дарья.К. "Муну күйөөм кылды, кызымды батирден алып кеткиле" деп кайталап жаткан. Коңшулары "Тез жардам" кызматына чалганы жатканда күйөөсү келип алардан телефондорун талашып, эч кимге чалбагыла деген. Ал баарынан мурун атама чалышым керек" деп билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, анын атасы да Украинанын полициясында иштеп отставкага кеткен. Аял аман калган, бирок жаракаттары оор. Кабыргалары, колу сынган, өпкөсү оюлуп кеткен, учурда ооруканада.

Маалымат булактары аялы-күйөөсүнүн жазышуусу деген каттарды да жарыялаган. Анда аялы кызын да, күйөөсүн да жек көрөрүн жазып, аларды мазактаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.06.2020. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуя 8-июндан 9-июнга каратаган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон. Караган түнү болбойбу жаңылышпазам
19.06.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alishsapan,жаңылышпазам эмес жаңылышпасам болсо керек
19.06.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосун жек корсо мейли а бирок озу торогон кызын эмнеге жек корот дейм да.
19.06.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызын жакшы коргон атадан мындай нерсени кутпойм,Кудай ОЗУ кечирсин бирок куноо аялында экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: