super.kg logo

Академик Кубанычбек Жумалиевди Орусиянын окумуштуулары колдошту

 

Орусиянын жана Кыргыз мамлекетинин окумуштуулары Кыргыз өлкөсүндөгү социалдык тармактарында кесиптеши Кубанычбек Жумалиевге каршы жалаа жабууларга кыжырданып жатышканын билдиришүүдө. Буга байланыштуу коомчулукка К.А. Валиев атындагы Физикалык-техникалык институттун директору, РИАнын мүчө-корреспонденти В.Ф. Лукичев, П.П. Ширшов атындагы Океанология институтунун башкы директорунун орун басары, РИАнын мүчө-корреспонденти П.О. Завьялов, А.Ф. Иоффе атындагы Физикалык-техникалык институтунун башкы илимий кызматкери, профессор Б.С. Гуревич, Ж. Баласагын атындагы КУУга караштуу атмосферага мониторинг жүргүзүү илимий борборунун директору кайрылуу жасашып, анда Жумалиевдин ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк илимге кошкон салымын эске салышты.

Тактап айтканда, Жумалиев иштеп чыккан илимий негиздер РФнын космос тармагында активдүү пайдаланылып жатканы белгиленди. РИАнын космостук изилдөөлөр Институнун линиясы боюнча окумуштуулар менен кызматташууда Жумалиев космостук мейкиндик, ракеталарды учуруу маселелери, анын ичинде - Улуу Жибек жолуна кирген өлкөлөрдүн бирдиктүү спутниктик системин түзүүгө багытталган "Silksat" спутниктик байланыш долбоору менен алектенген. "Silksat" толугу менен Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн коммуникациялык муктаждыктарын камсыз кылууга жана глобалдуу маалымат системинин бир бөлүгү болууга багытталган.

"Социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында коррупция менен күрөшүү боюнча жаралган ызы-чуу, тилекке каршы, бурмалоолорду жана ашыра чабууларды айланып өтө алган жок жана академик Жумалиевдин да ысмын камтый кетти", - деп айтылат кайрылууда.

Кубанычбек Жумалиев 1978-жылы СССРдеги эң мыкты техникалык жогорку окуу жайлардын бири – Рязань радиотехникалык институтун кызыл диплому менен аяктаган;

1986-жылы Беларусь ССРнин Илимдер Академиясынын Электроника институнда кандидаттык диссертациясын, 1991-жылы РИАнын академиги, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жорес Алферовдун жетекчилиги астында докторлук диссертациясын жактаган.

Жумалиевдин 2005-жылдан 2015-жылга чейинки ишкерлик багытында жараткан ийгиликтери илимий – билим берүүчү институттарды колдоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон материалдык базисти түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анын жетекчилиги астында Кыргыз өлкөсүндө жети билим берүү мекемеси негизделип түзүлгөн. Ошондой эле окумуштуунун демилгеси менен Кыргыз мамлекетинин курамына беш институт кирген Кыргыз Республикасынын ИАНнын түштүк бөлүмү ачылган.

Буга байланыштуу академик Жумалиевди жакшы билген көптөгөн адамдар социалдык тармактардагы кулачын жайган кампанияга байланышкан кырдаалга түшүнбөй чын дилинен бушайман болуп турушат. Өкүнүчтүүсү, Кыргыз мамлекетинин азыркы жаштары анын таржымалын да, илимдеги жана эмгектеги жетишкендиктери туурасында да жакшы биле беришпейт. Биз, окумуштуулар, мына ушул кемчиликти толтурууга умтулуп, Кыргыз өлкөсү Кубанычбек Жумалиев менен сыймыктанса арзыйт деп ишенимдүү айта алабыз.

Жумалиевдин илимий жетишкендиктери мурдагы Советтер Союзунун окумуштууларынын жеңиштеринин тизмесинде татыктуу орунду ээлеп турат. Анын салымы баа жеткис, анын иштеп чыгуулары дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, Кубанычбек Мырзабекович бир кезде үстүндө иштеген көп нерселер бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек жана Орусияда пайдаланылууда.

Жыйынтыктап жатып, академик Жумалиевге мындан ары да илимдеги, саясаттагы, өнөр жайды кайрадан жандандыруудагы жана өзү туулган Кыргыз мамлекетинин жаңы экономикасын өнүктүрүүдөгү үзүрлүү ишмердүүлүгүн уланта берүүсүн каалар элек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Комментарийлер(19)
19.06.2020. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Кыжырданып жатышат дейт го,ошол орус окумуштуулар биздин казынага акча салып жатыптырбы,коруппцияга куноолобош учун саясатка жолобой эле институтта иштей бериш керек эле,саясатка келдинби элдин сынына чыдаш керек.
19.06.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Буларың биздин ички ишибизге кийлигишпесинчи. Жумалиевдин кылган кылыктарын билсе анан окунушмок орустарын
19.06.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Акаев суранса керек да.
19.06.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Samatalibei,балким
19.06.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Samatalibei,менин ойума ошол келди
19.06.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Американын окумуштуулары колдошсо да жооп берсин Розасы кошо
19.06.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жумалиев ууру
19.06.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Тооба бир плюс бассам эки плюс кошулуп атат, туура эмес басып алдымбы деп окубай эле калгандарына бассам да ошондой
19.06.2020. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ал орустар бизге никтода, ушунча жыл ички иштерибизге аралашып, кыргызды эзип келгени аз келгенсип, дагы деле аралашышты токтотпоптурда ёлыйлар((.
19.06.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Орусиянын таасири Кыргызстанда кучтуу. Андыктан биздин элдик саясатчы уурулар, орусиянын этегине барып намаз окуй коюшуп, алардан колдоо кутконду жакшы оздоштурушкон. Жэ болбосо Сокенин кошоматчы бийлигинен толк чыкпай калса, дароо АКШга качып кетишет.
19.06.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Колдоо билдирген орустун окумуштууларынын фамилиясы Кыргызстанды сызга отургузуп кеткен еврей-аферистердин фамилиясы го: Гуревич, Ширшов.
Надел, Елисеев, Белакон, Максим Бакиев деген дагы окумуштуулары жок бекен?)))
19.06.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Орустарга ишенип Куран кармаптыр да.
19.06.2020. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жумалиев жегич
19.06.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага десе дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар колдосун жана коргосун бирок бетине көө жуктубу демек баарибир ошол боюунча калды, кыргызстандыктар үчүн!
19.06.2020. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бут уурдап алган байлыгын элге чачсында ошо орустарга кете берсин....Бизге жегенден башка пайдасы деле тийбептир ...
20.06.2020. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин ички ишибизге киришпегиле биз баарыбир Жумалиевди кустурабыз
20.06.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жоголсунчу нары.Кыргызстанды артка тарткандардын сап башында бул тойбос.
20.06.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Академик имиш дагы жегич .жемкор ушунчалык же кордум элдин акчасын деген акмакты Аллах берсин жазанды
21.06.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогол аферист
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: