Өзбекстанда коопсуздук кызматкерлери өздөрүнүн сүрөтүнө фотошоп менен бет кап тагып койгону кызуу талкуу жаратууда






Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын сайтында укук коргоо кызматкеринин сүрөтү жарыяланган. Анда кызматкердин медициналык бет кабы фотошоп аркылуу жасалганы байкалган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сүрөттө көрүнүп тургандай, күзгүгө чагылган кызматкер карыянын үйүндө бет капсыз жүргөн. Ал үйгө азык-түлүк жардамын алып келгени белгилүү болду. Интернет колдонуучулары анын бет кабы фотошоп менен жасалганын сынга алышкан жана фотошоп менен жасалган дагы ондогон сүрөттөрдү көрсөтүшкөн.
Кийинчерээк Ички иштер башкармалыгы бул сүрөттөрдү сайттан өчүрүп салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
elmira.

19.06.2020. 12:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми мындай кылуунун максаты маска таккыла деген эле маани
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.