Баткен облусунун автобекеттеринде айдоочулардын санитардык эрежелерди сактоосу боюнча текшерүү жүргүзүлдү
Бүгүн, 19-июнда Баткен облусунун автобекеттеринде, такси токтоочу жайларда айдоочулардын санитардык эрежелерди сактоосу боюнча текшерүү өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жүргүнчү ташуучу коомдук транспорттого, жеке такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Ал жайларда санитардык эрежелердин нормаларын текшерип, аларга COVID-19 илдетинин алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык алдын алуу иштери күчөтүлдү. Санитардык эрежелерди сактоо максатында атайын эскертмелер коомдук транспортторго чапталды. Айрыкча коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактардагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоосу боюнча айдоочуларга эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.

