Жалал-Абад шаарынын мэринен коронавирус аныкталды. Анда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканы айтылды
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус илдети аныкталды. Маалыматты мекеменин басма сөз өкүлү ырастады.
Маалым болгондой, кечээ, 18-июнда мэрдин коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы оорунун бар экендигин тастыктаган.
"Мураталы Тагаевде илдеттен белгилери байкалбай өтүп жатат. Мындан улам ал үй шартындагы изоляцияга алынды. Мэрден илдет аныкталгандан мекеменин бардык кызматкерлери тест тапшырышты, жыйынтыгы күтүлүп жатат. Азырынча мекеме бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишин улантууда. Буга чейин деле мекеменин бардык кызматкерлери санитардык эрежелерди сактоо менен иштеп келген", - деп билдирди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
AksyKum

19.06.2020. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтылуу Назарбаев деле ооруп жатыптырго Менделе ооруй берсем пайдасы тиер деди окшойт да.кичине акчалуу болуп же жогору которулуп калармын деп
ainura220888

19.06.2020. 15:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назарбаевден кийин уят эмес экен деп ойлошту окшойт биздин чондор
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.