super.kg logo

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, 13ү кайра обсервацияга алынды

 

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, анын 13ү кайра обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анда облус боюнча жалпысынан 460 жаран үй карантининде жатканы айтылды.

"Алар мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлгө алынган. Жогоруда белгилегендей үй карантин талаптарын бузган 13 жаран кайрадан обсервацияга алынды. Ал эми калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынды. Мындан тышкары бүгүнкү күндө дагы 126 адам обсервацияларда жатат. Анын ичинен 61и медицина кызматкери. Көбүнчө обсервацияларда санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөгөндөр жатат", - деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: