super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер байланыш комитетинин жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырды

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына ведомствонун жаңы дайындалган төрагасы Алтынбек Исмаиловду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Алтынбек Исмаиловдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Баатырбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктагандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын шарттарында санариптик технологиялардын ролун эске алуу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдына коюлган өлкөнү мындан аркы санариптештирүү боюнча милдеттерди жана максаттарды аткарууда жаңы дайындалган төрагага ишеним көрсөттү.

Алтынбек Исмаилов өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн бардык маселелерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: