super.kg logo

Президент коронавирус илдети менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду

 

"Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң" деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы бул тууралуу өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле эскерткендигин эске салды.

Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда дале эң кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду.

"Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү", - дейт президент.

Мамлекет башчы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

"Ошондуктан, коомдук жайларда бет кап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда", - дейт Жээнбеков.

Президент илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон кары-картаңдарга кам көрүүнү күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын айтты.

Мындан сырткары чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигине көңүл бурду. Себеби коомчулукта ушул сырттан келгендер эле жугузбаса, кайдан жугуп жатат деген сөздөр арбын.

Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
19.06.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол четтен келгендерди,жакшы көзөмөлдөбөй койгондун кесепети .
Туурабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: