super.kg logo

Ош шаарындагы базарлар бир күнгө жабылат

 

Ош шаарындагы базарлар бир күнгө жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары кичи базарлар да дезинфекцияланат. Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө.
Базарларда бет капсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик орун алууда. Ош шаарынын мэриясы жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.06.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сактоону чакырат дебей нормально чара коруп маскасы жок, талапты сактабагандарга штраф салыш керек эле, базарларга барсан без маска, маршруткада без маска, ошолордун айынан кобойуп атат, дагы сурап коюшат бул оору бар оорубу жок оорубу дешип нервке тийип
19.06.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жолдорго ГАИлер туруп ар бир маршрутканы токтотуп адамдарды токтотуп маскасын текшериш керек эле кимде маска жок болсо водителге штраф салыш керек эле. Водителдер маскасы жок адамдарды жон эле салып атышат
19.06.2020. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,сенда кызыксын ошондой коркунучтуу вируска маскан туруштук бералбайт,мамлекет свет газ налог кридиттен женилдик берсе Эл мыйзамга баш ийип уйдон чыкпай теленин унун бийик кылып чалкалааап кок чайдан демдеп жатмак аргасыздан чыгышат тобокел кылып оздорун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: