super.kg logo

"Анализи эле оорунун бар экенин көрсөтпөсө өзүн жакшы сезип жатат". Араван районунун акиминен коронавирус табылды

 

Ош облусундагы Араван районунун акими Курманбек Айтибаевден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу SUPER.KG өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбековага байланышканда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аким 15-июнь күнү дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерден кеңеш сурап кайрылган.

"Ал COVID-19га карата анализ тапшырып, кечээ, 18-июнда коронавирус аныкталды. Анализи эле оорунун бар экенин көрсөтпөсө, аким өзүн жакшы эле сезип жатат. Ооруканага изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Акимчиликтеги бардык кызматкерлер анализ тапшырышууда. Курманбек Айтибаев карантин учурунда активдүү иштеди, 2019-жылы Ош облусундагы мыкты аким деп табылган", - деди Кадырбекова.

Интернет колдонуучулардын бири президент Сооронбай Жээнбеков 10-11-июнда Ош облусуна иш сапар менен барганда, Аравандын акими коштоп жүргөн деп жазган.

Бул боюнча өкүлчүлүк: "Аларды губернатор тосуп калган. Калган маалыматтарды өкмөт менен президенттик аппараттын бергени туура болот", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.06.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде дагы коншу казактарды туурап атышат.Буга чейин чиновниктерден чыккан эмес Назарбаев ооруду деди эле мэри акими жогорку кенештин пресс кызматынан бери оруштуго
19.06.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars88,ошондой дечи!
Вирус менен ооругандар карантинге алынып даарылап жатышкан, а чиновниктерге жукса алар уйундо 15 кун иштейм дейтко)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: