super.kg logo

Москвада карантин убагында 100дөн ашык дүкөн жана кафе-ресторандар жабылып калды

 

Москва шаарында коронавирустан улам чектөө киргизилген карантин убагында 100дөн ашык дүкөн жана кафе-ресторандар жабылып калды. Алар 18 башкы соода көчөлөрүндө жайгашкан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Тагыраагы баш-аягы 112 азык-түлүк саткан дүкөн жана коомдук тамактануучу жайлар ишин токтоткон. Ошол эле убакта март айынын соңунан тартып, июнь айынын башталышына чейин ошол эле көчөлөрдө 39 жаңы мекеме ачылган. Жалпылап алганда, 18 башкы соода көчөлөрүндөгү дүкөндөр менен ресторандар 3 пайызга гана кыскарган.

Соңку 3 ай ичинде Орусиянын башка жерлериндей эле Москвада дагы вирустун алдын алуу үчүн чектөө талаптары улантылып жатканына карабастан пандемия жайылуусун азайткан эмес. Чектөө иштеринин алкагында азык-түлүк сатылган башка дүкөндөрдүн бардыгы жабылып, тамактануучу жайлар жеткирип берүү кызматтарын гана аткарып жатышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: