super.kg logo

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды

 

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Муну менен бүгүнкү күнгө карата банктын эки кызматкери илдетти жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"18-июнда Улуттук банктын бир кызматкеринен вирусту аныктоо үчүн алынган анализ COVID-19 инфекциясы бар экенин тастыктады. Учурда кызматкердин оорусу жеңил түрдө өтүп жаткандыктан, ал стационардык дарыланууда.
Илдет аныкталган кызматкер менен байланышта болгон адамдар аныкталып, алар үй карантинине жиберилди. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан белгиленген тартипте анализ алды. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат адистештирилген компаниянын кызматкерлерин ишке тартуу менен дезинфекцияланды.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, Улуттук банкта санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык талаптар күчөтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата банк кызматкерлеринин ичинен аталган ооруга чалдыккан башка учур жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, өлкөнүн акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда", - дешти мекемеден.

27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мекеменин бир кызматкеринен илдет аныкталганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: