super.kg logo

Өзгөндө мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болду

 

Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

"Жол кырсыгы кечээ, 18-июнда саат 17:00 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында орун алган. Анда 18 жаштагы Н уулу Н. аттуу Өзгөн районунун тургуну өзүнүн башкаруусундагы ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен күн чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Ошол эле учурда 17 жаштагы Э.М. аттуу Өзгөн районунун тургуну Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасын ошол эле багытта башкарып бара жатып, рулду башкара албай калып, ал дагы жол кырсыгына кабылган.

Натыйжада ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү катары бара жатышкан 17 жаштагы М.М. жана Н.Д. жараат алышып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкан. Ал эми ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 18 жаштагы К уулу Н. денесинен алган жаратынан улам Өзгөн райондук ооруканасынан каза болгон.

Хонда Фит автоунаасынын айдоочусу Э.М. жана жүргүнчү катары бара жаткан К.А. денелеринен жараат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкан.

Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган. Өзгөн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти.






Өзгөндө жол кырсыгы орун алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.06.2020. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун
20.06.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеону чыгарганда толук комментарий жазып койгула! Видео тарткан балдар күлүп жүрүшөтго. Кайтыш болгондордун жайы жаннатта болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: