super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Кадамжайдан 27 жаштагы адамды уурдап кеткен деген шек менен 5 жаран кармалды"

 

Бүгүн, 19-июнда "Кадамжай районунда адам уурдоо фактысынын бети ачылды", - деп Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты. Анда айтылгандай, Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну ушул жылдын 2-март күнү саат 21:00 чамасында үйүнөн анын 27 жаштагы уулун белгисиз адамдар чакырып кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Жаран өзүнүн арызында уулун үйүнөн чакырып кеткендер аны белгисиз тарапка алып кетишкенин, ошол бойдон уулу дайынсыз болуп жатканын жазган.

"Бул факты Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында 27 жаштагы адам аман-эсен табылды. Аталган окуя боюнча Кадамжай РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө:

Ош шаарынын Жапалак айылынын 21 жаштагы тургуну Р.Т.,

Ош облусунун Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну А.Э.,

Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж.,

Орусиянын аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: