Улуттук онкология борборунда коронавирус менен ооруган акыркы бейтап айыкканы айтылды




Улуттук онкология борбору коронавирусту жеңди. Анда COVID-19 менен жабыркап жаткан акыркы бейтап анализин тапшырды. Мындай маалыматты борбордун хирург дарыгери Султан Стамбеков социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Ушул мезгилдер аралыгында шишиктин химиотерапиясын жүргүзүп, коронавирустан улам абалдары оорлошуп кеткендерди дарыладык. Ким эмне айтпасын, бул оору бар жана биз аны менен күрөшүүдө бир дагы бейтапты жоготкон жокпуз. Өтө кооптуу абалда үзгүлтүккө учуратпаш керек болгон химиотерапияны дагы өткөрүп алдык. Жалпы командага, дарыгерлерге, медайымдарга жана санитаркаларга ыраазычылык билдирем. Силер жакындарыңардан алыста болуп, өз өмүрүңөрдү тобокелге салуу менен милдетиңерди аткардыңар. Бизди колдогондорго жана жардам бергендерге рахмат", - деген дарыгер өз билдирүүсүндө.

