super.kg logo

"Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!) мультфильминдеги карышкыр тамекини таштайт

 

Көпчүлүккө белгилүү "Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!) мультфильминдеги карышкыр ден соолугун чыңдап, жаңы жашоо баштайт жана мультфильмдин жаңы сериясында жаңы образ менен чыгат. Бул тууралуу "Союзмультфильм" киностудиясынын директору Борис Машковцев орусиялык басылмаларга билдирген.

"Мультфильмдин уландысында карышкыр такыр башка образ менен чыгат. Мультфильмдин уландысында карышкыр тамеки чекпейт. Эгерде азыр карышкыр тамеки чексе, маалымат бурмаланып калат. Карышкырдын сүрөттөлүшүн заманбап көрүүчүлөргө жеткирүү үчүн, биз таптакыр башка белгилерди колдонушубуз керек", - деген Машковцев.

Мындан тышкары "Сениби, шашпа!" мультфильминде дагы башка каармандар пайда болот. Азыркы учурда жаңы каармандарга үн коштоочу актёрлёр изделип жатат.

Эске салсак, "Сениби, шашпа!" мультфильми алгачкы жолу экранга 1969-жылы чыккан. Мультфильмдин 50 жылдык юбилейине карата жаңы сериясы экранга ушул жылы чыгышы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.06.2020. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эххх, канча өзгөртсөңөрда баарибир мурункусундай таасирдүү жана оригиналдуу болбойт. Мурункусу өтө мыкты тартылган.
19.06.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тийишпей эле койгулачы.
19.06.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шедевр бир жаралат да
19.06.2020. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башта эле кылыш керек эле , бирок жакшы мультик биз учун .Азыркылар корбойт андайларды
19.06.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Убакыттын отконун карачы.кечээ эле озум коруп журчу эле бугун балдарым менен коруп калыпмын
20.06.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырдын тамекисин тим койо бербептирда.Чегетурган бала мультфильмден эмес кочодон эле корот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: