super.kg logo

Вице-премьер "Алтын тамга" тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова "Газпром Кыргызстан мектебине" барып, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн өткөрүлгөн "Алтын тамга" көз карандысыз тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим жана илим министрлигинин чечими боюнча, "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы реалдуу убакыт режиминде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен өткөрүлүүдө. Дене тапты байланышсыз аныктоо, колду дезинфекциялоо, жеке отургучтарды бири-биринен 1 жарым метр аралыкта жайгаштыруу орун алып, коридорлордо жана эс алуу жайларында адамдардын топтолуусуна жол бербөө максатында талапкерлердин келүү графиги иштелип чыккан.

Өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга талапкерлер ыкчамдык жана объективдүүлүк максатында тестти планшет аркылуу тапшырышат, ал эми анын жалпы жыйынтыгы бүтүрүүчүгө жана байкоочу эксперттерге автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

2019-2020-окуу жылында 1 345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болуп саналат. Өткөн жылы "Алтын тамга" сынагына 1 148 окуучу катышкан, анын жыйынтыгы боюнча 182 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгон. "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү болуп саналбайт, ар бир талапкер ага өз ыктыяры менен катыша алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: