Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1 жарым жылга кыскартты
Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун биринчи инстацияда берилген мөөнөтүн кыскартты. Бул тууралуу Илмияновдун жактоочусу билдирди.
Ага ылайык, шаардык соттун соттук коллегиясы Икрамжан Илмияновду 5 жыл 6 айлык мөөнөткө эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Калган бөлүктөр боюнча Октябрь райондук сотунун өкүмү өзгөртүлгөн эмес.
Маалым болгондой, 2019-жылдын 30-октябрында Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновду күнөөлүү деп таап, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү конфискациялоо, 160 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу жана 7 жылга камакка алуу чечимин чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Qwer007

19.06.2020. 19:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына нак чооон коррупция деп ушуну айтат
Mister-X

19.06.2020. 22:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыры акталып чыкты десе да тан калбайм.Коррупционер коррупционерге акча берип кутулуп кетип жатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.