super.kg logo

MegaCom’дун акциясына катышып, Samsung смартфонун утуп ал!

 

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, “555” командасынын мүчөсү бол да, 10 Samsung Galaxy A30s смартфондорунун бирин утуп ал!

Акцияга кимдер катыша алат?

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылган жана төмөнкү иш-аракеттердин бирин аткарган бардык абоненттер катыша алышат:
* 345, 395, 595, 795 сомдук топтомдору менен #Суперыңгайлуу тарифтик планына же #Суперыңгайлуу 7 Pro жаңы тарифтик планына кошулууда же тарифтик планын жогорудагы тарифтик пландардын бирине которууда;
* #Суперыңгайлуу тарифтик планынын каалаган топтому кошулган “Алтын” же “Платина” категориясындагы номерлерди арзандатууларсыз сатып алууда;
* “SIM-картаны жаңылап, бонус утуп ал” акциясынын алкагында SIM-картаны жаңылоодо же алмаштырууда.
Акция MegaCom компаниясынын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда 2020-жылдын 17-июнунан 25-августуна чейин уланат.

MegaCom’дун дем берүүчү акциясы башталгандан бери анын ар бир 16-күнүндө Samsung Galaxy A30s үлгүсүндөгү 2 телефон компаниянын Facebook жана Instagram расмий баракчаларында ойнотулууда. Жаңы смартфондун ээси болуш үчүн акциянын катышуучулары утуштун датасы жана убактысы жөнүндө алдын ала жөнөтүлгөн SMS-билдирүүгө 3 суроонун жообун жөнөтүү керек. Facebook жана Instagram баракчаларындагы викторинада 3 суроого тең туура жооп берген биринчи абонент жеңүүчү деп табылат.

Маанилүү! 345, 395, 595, 795 сомдук топтомдору менен #Суперыңгайлуу тарифтик планына кошулган же “SIM-картаны жаңылап, бонус утуп ал” акциясынын алкагында SIM-картасын жаңылап же алмаштырган, ошондой эле Суперыңгайлуу тарифтик планы кошулган “Алтын” же “Платина” категориясындагы номерлерди сатып алган абоненттерди кошумча бонус иретинде 30 күнгө чейин 5тен 20 гигабайтка чейинки акысыз интернет топтомдору күтөт.

* Акцияга #Суперыңгайлуу баарлашуулар жана #Суперыңгайлуу аймактык топтомдор тизмегине кошулган абоненттер катыша алышпайт. Акциянын талаптарын аткарган, Instagram менен Facebook’та аккаунту бар “Альфа Телеком” ЖАКнын кызматкерлери да (байланыш кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзгөндөр) акцияга катыша алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: