super.kg logo

Жалал-Абадда ишкерден акча опузалаган кылмыштуу топ колго түшүрүлдү (видео)

 
Д.Ф.
С.У.
О.Т.

Жалал-Абад облусунда ишкерди опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

"16-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында жайгашкан ишкердин ишканасына өздөрүн Коча жана Фурхат деп тааныштырган эки бейтааныш киши келип, “Завод иштеткениң үчүн миң доллардан бересиң” деп опузалашкан. Эртеси кайра жолугуп, "Бербесең балдарды жөнөтүп, заводуңду талкалатып салам" деп коркутуп, эртеңкиге 1000 доллар даярдап кой" деп кетишкени жазылган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинде (опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында атайын тапшырма берилип, Жалал-Абад ОИИБинин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан кафелердин биринде жабырлануучудан акча талап кылган Сузак районунун тургундары 28 жаштагы О.Т. менен 29 жаштагы С.У. 50 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өздүк тинтүү учурунда О.Т. аттуу жаранга тиешелүү асынып жүргөн сумкасынан опузалап талап кылган 10 даана, бардыгы 5000 сомдук купюралардан турган жалпы 50 миң сом акча, 1 даана кынга салынган чоң бычак жана анын чөнтөгүнөн болжол менен салмагы 7-8 грамм болгон кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар “гашиш” баңги каражатына окшош зат табылган.

Андан сырткары анын шериги С.Уга таандык Форд-Мондео үлгүсүндөгү унаага кароо жүргүзүлгөн учурда клеёнкага оролгон салмагы болжол менен 2-3 грамм, унаанын алдыңкы сол эшигинин чөнтөгүнөн чай суусундугунун чаптамасына (наклейка) оролгон салмагы болжол менен 4-5 грамм жана салондун ичинен салфеткага оролгон салмагы болжол менен 1-2 грамм болгон өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү “гашиш” баңги затына окшош заттар табылып алынган жана далил буюм заттарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетүүчү жагдай, акча алуу үчүн жогоруда аталган Коча жана Фурхат келген эмес.
Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жүргүзүү учурунда мыйзамсыз аракеттердин негизги уюштуруучулурдын бири мурда "адам өлтүрүү" беренеси менен тактап айтканда 2009-жылдын март айындагы президенттин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылган Ауди автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду өлтүргөн деп соттолгон, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 35 жаштагы Д.Ф. (Фурхат) экендиги аныкталды. Бүгүн, 19-июнь күнү Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан опузалап акча талап кылууга шектелгендердин баш коргоо чарасы каралмакчы", - деп жазылган билдирүүдө.






Жалал-Абадда ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.06.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кебетеси суук акмактар ушуга окшогон кылмышкерлерди атып сала турган мыйзам болсо баары кире турган жерге кирип кетишет эле. Гумандуу болгон Америкада өлүм жазасы бар биздикилер супер гумандуу мамлекет болуп кеткен.
19.06.2020. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кармаганынар го жакшы.
Бирок видео камера менен жакшы тартсанар.Машинанын бир тарабы менен барып куболордун катышуусунда кол кап (перчатки) кийип кылдаттык менен иш алып барсанар.Видеону кордум.Эгерде ушул гана видео болсо кантип далилдейсинер озгочо жыты бар гашиш сыяктуу заттарды?
Кылмышкерлерди кармагыла,рахмат силерге!
19.06.2020. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстанда ушуга окшогон арам окат менен жан баккан шакалдардын айынан улам БИЗНЕСМЕНДЕР жокко эсе, кичине эле иш баштасаң 99 штугу келип алышат колтуктарына таш салып жүн сасып.
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-06-20 13:03:55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: