2026-жылга чейин калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо программасы бекитилди
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системдерин өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды. Программада суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, негизги көйгөйлөрдү чечүү, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын перспективдүү багыттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоо каралган.
715 айылда суу менен камсыздоо тутумдарын республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен куруу пландалууда. Бул программанын иш-чараларын 2023-жылга карата аяктоо күтүлүүдө.

