super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8 миллион 639 миң 23кө жетти

 

Бүгүн, 20-июнь саат 9га карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 8 миллион 639 миң 23 адамга жетти.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн дээрлик бардык бөлүгүн каптап жаткан инфекциядан улам жер жүзүндө 459 миң 437 адам көз жумду. Ал эми бул илдеттен 4 миллион 233 миң 602 бейтап айыгып чыкты.

Кайрадан эле эң көп оору жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда вирус 2 миллион 221 миң 79 адамга жукту. Кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 32 миң 913, Орусия - 568 миң 292, Индия - 380 миң 532, Улуу Британия - 303 миң 285 адамдан коронавирус аныкталган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2020. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ар кайсы сайтта ар кандай маалымат берилет. Башка сайтта 4 625 449 айыккандар.
462 519 каза болгондор деп берилип турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: